7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«80 миң сомун алам деп тишин талкалап…» Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды

1099

Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-майда болжол менен саат 22:20 чамасында Бишкек ШИИБнин «102» кызматына Бейшеналиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1968-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз үч жаран арыз ээсин «кастет» аттуу буюм менен жаак жакка уруп, үч тишин талкалап, 80 000 сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алганга аракет кылган.

Ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Т. Ы. жана 2002-жылы туулган К.Т.аттуу жарандарды кармашып, Ленин  РИИБнын тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

Бул факты Ленин РИИБгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1100