7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Титаникти» көрөм деп каза болгондордун денесинин айрым бөлүктөрү табылды

1845

Атлантика океанына чөгүп кеткен «Титан» батискафындагыларга тиешелүү болушу мүмкүн деген сөөктөр табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Эми медиктер «трагедия болгон жердеги сыныктардын алдынан дыкаттык менен кургакка алып чыгылган» сөөктүн бөлүктөрү кимдерге тиешелүү экендигин изилдеп чыгат.

Буга чейин Атлантика океанында «Титан» экипажына таандык батискафтын бардык экипажы каза болгонун OceanGate Expeditions компаниясынан билдиришкен.

18-июнда айтылуу «Титаник» чөккөн жерге, океандын түбүнө туристтерди алып барып жүргөн OceanGate Expeditions компаниясынын кемеси 18-июнда сууга кирген соң 45 мүнөттөн кийин жок болуп кеткен.

«Титан» батискафынын бортунда беш киши: 59 жаштагы британиялык миллиардер, иликтөөчү, ишкер Хэмиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзада Давуд уулу Сулейман менен, OceanGate Expeditions компаниясынын негиздөөчүсү Стоктон Раш жана франциялык суу алдындагы учкуч Поль-Анри Нарголе болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1846