7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өткөрүү пунктунан акча чогултуп турган кылмыштуу топ кармалды

584

Өткөрүү пунктунан акча чогултуу боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында, Кыргызстандын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды.

Натыйжада 7-октябрда Кыргызстандын жарандары М.О.Р. жана С.У.Т. (Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары) кармалды.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

585