Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
— Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз саммитинин Анкара декларациясы
— Түрк мамлекеттеринин уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө.
Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.