7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анкара шаарында ТМУ саммитинин кезексиз жыйыны өттү

355

Бүгүн, 16-мартта, Анкара шаарында Түрк мамлекеттеринин Уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезексиз жыйыны болуп өттү.

Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган иш-чараны ачып жатып, Түркияда быйыл февралда болгон кыйратуучу жер титирөөлөрдүн кесепеттерине жыйындын катышуучуларынын көңүлүн бурду.

Ал түрк мамлекеттеринин лидерлерине ушул оор мезгилде Түркияга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында уланды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кырсыктын оор кесепеттерин башынан кечирип жаткан түрк боордошторунун кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөрүн баса белгиледи. Кыргызстан мындай оор мезгилде жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча түрк өкмөтүнүн бардык аракеттерин колдоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу ырастайт.

Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз тарап уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Катышуучу мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли сакталып турат.

Саммитке Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Садыр Жапаров, Режеп Тайып Эрдоган, Ильхам Алиев, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин өлкө лидерлери жана делегация башчылары катышты.

Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышучу өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

356