7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: “Биздин кызматташуубуз — заманбап мамлекеттер тутумунда таасирдүү факторго айланууда”

329
“Дүйнөнүн тез өзгөрүү жагдайында биздин кызматташуубуз заманбап мамлекеттер аралык мамилелер тутумунда таасирдүү факторго айланууда”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-мартта Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы бүгүнкү Саммит өзгөчө тарыхый кырдаалда өтүп жатканын айтты. Түркиянын түштүгүндө эбегейсиз кыйроолорго жана адам курмандыктарына алып келген жер титирөө тууралуу кабар бүт дүйнө коомчулугун кейитти.

“Өткөн жер титирөө – чоң трагедия. Кырсыктын оор кесепеттерин башынан кечип жаткан  түрк боордошторубуздун кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Бул да болсо жараткан Алла Тааланын сыноосу. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына дагы бир жолу чын дилимден көңүл айтам жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм. Түрк эли бул сыноодон дагы татыктуу чыгып, мындан дагы кучтуу болооруна ишенем. Мындай оор мезгилде Түркия өкмөтүнүн зилзала кесепеттерин жоюу боюнча бардык аракеттерин колдоп, жардам көрсөтүүгө даяр экенибизди дагы бир ирет ырастайбыз”, — деп баса белгиледи Жапаров.

Президент Түркия кырсыкка кабылган кайгылуу ирмемдерден тартып, түрк мамлекеттери бордошторубузга көмөк жана  колдоо көрсөтүү боюнча аракеттерин жогору баалады. Жер титирөөнүн алгачкы күндөрүнөн тартып түрк мамлекеттеринен куткаруу топтору, талаа ооруканалары, медицина кызматкерлери, техникалык жабдуулар жана гуманитардык жардамдар Түркиянын кырсыктан жапа чеккен аймактарына жөнөтүлдү. Кыргызстан дагы Түркия элинин кайгысын өзүнүн кайгысындай кабыл алып, кырсыктын алгачкы күндөрүнөн тартып жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуга күч-аракетин жумшады. Кыргызстан зилзала болгон аймактагы иштерге өз курамына куткаруучуларды, дарыгерлерди жана кинологдорду камтыган 182 адамдан турган издөө-куткаруу тобу менен катышты.

Ошондой эле мамлекет башчысы Түркияда билим алып жаткан көптөгөн студенттер кырсык болгон аймакка ыктыярчы катары барып, жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүшкөнүн айтып өттү. Кыргызстандын калкы атайын түзүлгөн фонддун эсебине акча которууну дагы деле улантууда. өлкөбүздун бардык аймактарында гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылып, карапайым калкыбыз түрк боордошторубуз кабылган абалга кайдыгер калган жок.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров Түркиянын жапа чеккен аймактарында калган кыргыз жарандарын эвакуациялоодо көрсөткөн жардамы үчүн казак жана өзбек туугандарга ыраазычылык билдирди.

Президент кыргыз тарап уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы жогорку деңгээлдеги регулярдуу жолугушууларга чоң маани берерин белгиледи. Бул жаатта өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли сакталууда.

Кыргызстан боордош азербайжан тарап менен кызматташуунун бардык тармактарында мындан ары жигердүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенет, деп баса белгиледи мамлекет башчысы. Ал эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жана бекемдөө маселесине жеке көңүл бургандыгы үчүн Ильхам Алиевге ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров боордош Казакстан менен эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жана эки тараптуу өнөктөштүгүбүздүн бекемделишине Касым-Жомарт Кемеловичтин кошкон жеке салымын белгилеп өттү.

Президент Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстанга болгон ийгиликтүү мамлекеттик сапарын канааттануу менен белгилейм. Ал тарыхый сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын негизги тилкелери боюнча сүйлөшүүлөр процесси ийгиликтүү аяктап, тиешелүү келишимге кол коюлуп, парламенттер тарабынан ратификацияланды.

Ал эми Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде достук мамилелер жана кызматташуу жигердүү динамикада өнүгүп жатышын кубануу менен белгилейм. Президент бир тууган Түркмөнстандын жогорку делегациясынын саммитке катышуусун белгилеп, уюмдун келечекте кеңейишине ишеним жаратат деди. Кыргыз тарап Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду мамлекеттик сапары менен Кыргызстанда чыдамсыздык менен күтөт.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы уюм кыска мөөнөт ичинде элдерибиздин жана мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыктын эффективдүү механизми катары калыптанып, эл аралык аренада тилектештигибизди жана биримдигибизди ачык-айкын көрсөткөнүнө көңүл бурдуртту.

Дүйнөнүн тез өзгөрүү жагдайында, биздин кызматташуубуз заманбап мамлекеттер аралык мамилелер тутумунда таасирдүү факторго айланууда. Кыргызстан уюмдагы ишмердигине артыкчылык бере турганын дагы бир жолу белгилейм. Боордош Өзбекстандын төрагалыгы астында жаңы ийгиликтерге жетишебиз деп терең ишенем” — деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Президент бүгүнкү саммиттин темасын белгилеп, Түркиядагы акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу кризистик кырдаалдарды жамааттык эскертүү жана болжолдоо механизмин түзүү зарылчылыгы келип чыкты, деди. Бул өңүттө, түрк тараптын өзгөчө кырдаалдар министрликтери аркылуу түрк мамлекеттери үчүн жарандык коргонуу механизмин түзүү демилгеси кубатталат.

Өз кезегинде, Кыргызстан мындан ары да бул багытта өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча аракеттерге салым кошууга ар дайым даяр.

Тоолуу Кыргызстанда да жер титирөө, жер көчкү, таш кулоо, сел жүрүү, суу ташкыны, суу каптоо, кар көчкү жана башка табигый кырсыктар көп кездешет.

Өз ара аракеттенүүнүн экономикалык, транспорттук жана энергетикалык багыттары боюнча кызматташууну бекемдөө маселеси да көтөрүлдү. Бул соода алмашуунун көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты түзүү жана өз ара кызыгууну жараткан долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгын билдирет.

Садыр Жапаров региондогу соода жүгүртүүнүн өсүшүнө жолтоо болгон тоскоолдуктардан улам, уюмдун айрым өлкөлөрүнүн ортосунда мүмкүнчүлүктөр толук колдонулбай келгенин кошумчалады.

Бул контекстте Кыргызстан үчүн уюмдун алкагында соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга алдыдагы президенттик шайлоолордо ийгилик каалап өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

330