7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоңдо мас абалында жарандарды курал менен коркуткан адам кармалды

181

Тоң районунда мас абалында жарандарды курал менен коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдирди.

30-июль күнү Тоң районунун Тогуз-Булак айылында жергиликтүү тургун мас абалында жарандардын өмүрүнө жана мүлкүнө коркунуч келтирген окуя болгон. Ал «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып,  мыйзамсыз ок атуучу куралды ок даарылары менен жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген аракеттерди жасап, адамдарды бутага алган.

Тоң РИИБнин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү, Тоң районунун 1985-жылы туулган тургуну Б.У. кармалган. Кармоо Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол авто унаа жолунда болгон. Унаадан бир даана сайсыз ок атуучу курал ок-дарылары менен табылып далил зат катары алынган. Алынган далил заттар тиешелүү уруксат документтери жок болгондуктан мыйзамсыз болуп чыккан.

Медициналык экспертиза кармалган жарандын алкоголдук ичимдик ичкенин тастыктаган.

Факт Тоң РИИБнин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Тоң РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн чечими менен шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

182