7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мунарбекти 20 жыл машыктырып келген Беганас агай Парижге эмнеге барган эмес?

460

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Париждеги Олимпиада оюндарына эмнеге барбай калганы айтылды

Улуттук Олимпиада комитети социалдык тармактардагы бул боюнча кызуу талкууларга түшүндүрмө берди.

“Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылдын июнь айында алды. Ал эми машыктыруучуларды аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы машыктыруучу аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы машыктыруучуга уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке машыктыруучу гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок”, — деп берилет маалыматта.

461