7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз айда «Кыргызалтындын» таза кирешеси 38 млрд сомго жетти

611

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында “Кыргызалтын” ААКтын таза кирешеси 38 млрд сомго жетти. Бул тууралуу 20-декабрда аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

2022-жылдын 11 айында “Кыргызалтын” ААК салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча 5 млрд сом өлчөмүндө каражат чегерген. Бүгүнкү күндө “Кыргызалтын” биргелешкен ишканалар менен чогуу Кыргызстандагы алтындын 95%дан ашыгын өндүрөт.

Кошумчалай кетсек, “Кыргызалтын” 30 жылдык мааракесин белгиледи. Куттуктоо сөзүндө жетекчи Элдияр Калдарбеков белгилегендей, “Кыргызалтын” ААК өлкөнүн тоо-кен тармагына эбегейсиз салым кошуп келет.

“30 жыл ичинде “Кыргызалтын” жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ири инвестицияларды тартууга, аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө, жергиликтүү тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүгө салым кошкон. Бүгүнкү күндө “Кыргызалтын” өлкөдөгү эң ири 10 компаниянын катарына кирет. Биздин биргелешкен ишканаларда, туунду ишканаларда жана филиалдарда 7 миңге жакын адам иш менен камсыз болгон”, – деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

612