7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-коргоол ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине кирди

388

Кыргыздын улуттук, интеллектуалдык жана стратегиялык оюну болгон тогуз-коргоол ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине кирди. Бул туурасында ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ 17-декабрда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 15-сессиясында кабыл алынган.

«Салттуу интеллектуалдык жана стратегиялык оюн тогуз-коргоол, тогуз кумалак, мангала» номинациясы үч мамлекеттин биргелешип алган номинациясы катары саналат. Ал Казакстан, Түркия жана Кыргыз өлкөсү.

Тогуз коргоол — так эсептөөнү, стратегдүү ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган оюндардын бири болуп саналат. Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк элдери ойноп келишет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

389