7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тойбосс» колбасаларынан чочконун ДНКсы табылган жок

579

“Тойбосс” компаниясы продукцияларына жүргүзүлгөн лабораториялык текшерүүлөрдө алар өндүргөн колбасалардан чочконун ДНКсы чыкпаганын социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы эки, Казакстандагы бир жана Орусиядагы бир ветеринардык лабораторияларга 57 үлгү жөнөтүлүп, алардын баарынан тең чочконун эти чыккан эмес. Изилдөөлөрдү Бишкектеги Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору, “Адал-Азык” компаниясы, Орусиянын Иркутск аймактар аралык ветеринардык лабораториясы, Казакстандын “Эркин Талгам” сыноо лабораториясы менен “Нутритест” ишканасы жүргүзгөн.

«Биз аброюбузду жана рыноктогу позициябызды сактап калуу үчүн кардарлабыздын ишениминин маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Ошондой эле биз продукцияны адал деп белгилөө менен байланышкан юридикалык жана этикалык милдеттерди билебиз. Ошондуктан, биз халал талаптарына да, колдонулуучу ченемдерге да ылайык келүүнүн жогорку стандарттарына умтулабыз. Азыктарыбызга шек туудурган ар кандай айыптоолор биз үчүн олуттуу жана кылдаттык менен каралат»- деп берилет билдирүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Россельхознадзор кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирген. Ал эми “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580