Нарын шаардык аскер комиссариатынын кадрлар бөлүмүнүн башчысынын улук жардамчысы 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды.
УКМКдан билдиришкендей, тинтүү учурунда которулган акча каражаттары толугу менен анын иш бөлмөсүнөн табылган.
Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн бирине кызматка орношуу үчүн, А.Э.М. аттуу жарандан, кармалган шектүү 120 миң сом акча талап кылган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.