7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Укалоо салонунун ээсин коркутуп акча алып жүргөн милиционер кармалды

816

Бишкектеги укалоо салондорунун биринин ээсинен ар дайым опузалап акча каражатын алып келген Ленин РИИБдин ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Эки жыл бою укалоо салонунун үстүнөн калкалоосу үчүн айына 4 миң сомдон алып жүргөн. Андан сырткары, 2021-жылдын ноябрь айында милиция кызматкери коркутуу жолу менен аталган салондун ээсинен 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Бул акчалар ай сайын электрондук капчык аркылуу которулуп турган. Ал терминалдардын биринде 5 миң сом акчаны алуу учурунда кармалды»- деп билдиришти.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин жасаган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817