Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыз чөгөлөп кечирим сураган видео тараган. Бул окуя тууралуу 7-каналга Билим берүү жана илим министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирди.
Маалыматка караганда, аталган окуя ушул жылдын 31-январында 7-класстын окуучулары арасында болгон.
«Бүгүн, 19-майда министрликтин тапшырмасы менен Жалал-Абад облусттук билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ч.Койчуманова мектепке барып, окуянын жүрүшү боюнча териштирүү иштерин жүргүздү. Мектептин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу А.Хаджимиддинов, тарбиялык иштер боюнча орун басары Ш.Якубов, соцпедагог А.Жолборсова жана класс жетекчилер менен сүйлөшүлүп, окуянын жүрүшүндөгү кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди»- деп берилет маалыматта.
Ошондой эле, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө окуянын жыйынтыгы боюнча тиешелүүлүүгүнө жараша мектептин администрация мүчөлөрүнө, соцпедагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза колдонуу милдеттендирилди.