7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тойбосс» компаниясы: «Биз эч качан адал эмес этти колбасага колдонгон эмеспиз»

1950

Буга чейин Россиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык компаниянын колбасасында «Халал стандарты менен иштейбиз деп көрсөткөнү менен Россияга экспорттолгон азыктарда чочко ДНКсы табылганын» айтып чыккан.

«Тойбосс» ишканасы социалдык тармактагы баракчасына өз пикирин жарыялашты.

«Акыркы күндөрү Кыргызстандын адал колбасаларынын ичинен чочконун ДНКсы табылганы тууралуу маалымат түшүүдө.
Кардарларыбыздын тынчсыздануусун түшүнөбүз, биз эч качан адал эмес этти колбасага колдонгон эмеспиз, мал союда шарият мыйзамдары так сакталат деп ишендиребиз! Биздин компания 5 жылдан бери башка мамлекеттерге колбаса азыктарын экспорттоп келет. Бүтүндөй өндүрүш линиясы жана даяр продукция Халал стандарттарынын шайкештигине текшерилет. Халал колбасалардын ичинен дал биздин бренд БАЭ жана Катарда жана Турцияда өткөн көргөзмөлөргө катышкан».

⠀Ошондой эле, «Тойбосс ар бир кардар менен ачык иш алып барууга дайым даяр. Белгилүү болгондой, биз ар дайым экскурсияларды өткөрүп, өндүрүштүн видеолорун жарыялап келгенбиз, кардарлардан жашыра турган эч нерсебиз жок. Биз дайыма сиздер менен чынчыл мамиледе болгонбуз жана дагы да ачык иш жүргүзүүнү уланта беребиз! Биз сиздин ишенимиңизди жогору баалайбыз жана кандай кырдаал болбосун, Исламдын жана адеп-ахлактын негиздеринен чыкпайбыз!»- дешти компаниядан.

Тойбосс компаниясынын 3 Халал сертификаты бар:
🔹Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы;
🔹Кыргызстандын Халал индустриясын өнүктүрүү борбору;
🔹Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1951