7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токио 2020: Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызынын атаандаштары белгилүү болду

3420

 Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиадада Кыргызстандык спортчулар Жоламан шаршенбеков менен Айпери Медет кызы ким менен беттешээри белгилүү болду. Бул тууралуу Олимпиаданын пресс-атташеси Кабыл Макешев кабарлайт.

Маалыматка ылайык, чүчү кулак бүгүн, 31-июлда болуп өткөн. 1-августта грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 3 медаль топтому ойнотулат. Мелдештин биринчи күнү Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызы өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы казакстандык балбан — Мейрамбек Айнагулов болмокчу.

Ошондой эле Казакстандан келген спортчу Элмира Сыздыкова дагы 76 кг салмакта Айпери Медет кызынын атаандашы.
Белгилей кетсек, мелдеш эртең мененки саат 8: 00дө башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3421