Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында суучул Евгений Рылов 25 жылдан бери биринчи жолу алтын медаль жеңип алды. Ал 100 метр аралыктан сууда сүзүүдө жеңишке жеткен.
Маалым болгондой, Рылов керектүү аралыкты 51,98 секундда сүзүп өтүп, Европанын рекордун жаңылаган. Россиянын дагы бир спортчусу Климент Колесников (52.00) күмүш медалга татып, америкалык Райан Мерфи (52.19) алдыңкы үчтүктү жыйынтыктады.
Акыркы жолу орусиялык спортчулар 1996-жылы Атлантада өткөн сууда сүзүүдө олимпиадалык алтынды утуп алышкан. Андан кийин Александр Попов 50 жана 100 метр аралыктагы эркин стилдеги эң жогорку сыйлыктарга ээ болуп, ал эми Денис Панкратов 100 жана 200 метр аралыкта баттерфляй менен чуркоодо жеңишке жеткен.
Ал эми Россиянын курама командасы Токио Олимпиадасында беш алтын, алты күмүш жана үч коло медалга ээ болду.