27-июлга карата коронавирус дагы 969 адамдан аныкталды. Сутка ичинде Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап каза болгон. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 935 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 272 адам дарыланууда.
Жаңыдан жуктургандар аймактар боюнча…
- Бишкек шаарында – 611,
- Ош шаарында – 6,
- Чүй облусунда – 86,
- Ош облусунда – 22,
- Талас облусунда – 18,
- Нарын облусунда – 20,
- Ысык-Көл облусунда – 59,
- Жалал-Абад облусунда – 88,
- Баткен облусунда – 59 адамдан илдет табылган.