«Урматтуу мекендештер! Ош шаарында өткөн шайлоодогу жакшы жыйынтыгыбызды БШК жокко чыгарды.Кыргыз Республикасынын мыйзамы жеке эле “Биздин Кыргызстан” партиясына гана иштейби? Бул кандай адилетсиздик! Эмне үчүн далилсиз эле мындай кадамга барышат? Өткөндө ушул боюнча билдирүү жазган элем…Эми калайык калкка деле кашкайып чындык көрүнүп турбайбы! Бул эмне деген шумдук?! Бизди тандаган элдин добушун тебелеген туура эмес!….Эми биз сотко кайрылууга мажбурбуз. Эгер биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандыгыбыз анык болсо, адилеттүү чечим чыгарып берет деп ишенем! Дагы кайталап кетейин:Мыйзам баарыбызга бирдей иштесин!!!«- дейт Осмонов.
Кечээ, 26-июль БШК Ош шаарындагы кайра шайлоонун жыйынтыгын карап чыгып, «Биздин Кыргызстан» партиясынын добушун жокко чыгарды.
Аталган партия жалпы шайлоочулардын 33,27 % добушун алып, 15 мандатка ээ болгон. Партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов БШКнын бул кадамын адилетсиздик деп баалайт.