Токмок шаарында айдоочу эки аялды сүзүп, экөө тең окуя болгон жерде мерт кетти. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 1-октябрда саат 22:24төр чамасында Токмоктун ички жолунун 60-чакырымында болгон. 19 жаштагы айдоочу Honda Stepwgn унаасы менен жол четинде бара жаткан 59 жана 66 жаштагы эки аялды сүзүп кеткен.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.



