7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен электр тармактар ишканасынын башчысы пара алууга шектелүүдө

5

Баткен облусунда 3 миң доллар пара талап кылууга шектелген электр тармактары ишканасынын директору кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай районундагы ишканалардын биринде электр энергиясы мыйзам бузуулардан улам өчүрүлгөн.

Кийин Баткен электр тармактары ишканасынын директору электр энергиясын кайра кошуп, ишкананын ишин улантууга шарт түзүү үчүн жетекчисинен 3 миң доллар талап кылган.

Арыз ээсинин акча берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенинин айтканына карабай, сумманы Кадамжай райондук электр тармактары ишканасынын жетекчисине берүүнү талап кылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

6