Жайыл районунун аймагында 30-сентябрда жалпы сыйымдуулугу 35 тонналык дизелдик отун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылып, жер кыртышына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бүгүн, 2-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, дизелдик отундун бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына төгүлүп, суу булганган.
Экологиялык мониторинг департаментинин адистери булганган жерлерден топурактын жана суунун үлгүсүн алып, тиешелүү лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн жөнөттү.

Айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жооптуу юридикалык тарап аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен укуктук баа берилет жана зарыл болгон учурда келтирилген зыянды өндүрүү максатында сотко доо арыз менен кайрылуу чаралары көрүлөт.
Белгилей кетсек, жол кырсыгы 30-сентябрда Бишкек–Ош унаа жолунун 95-чакырымында катталган. Күйүүчү май ташуучу Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа оодарылып, DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу машинаны сүзгөн. Эки унаанын тең айдоочулары жараат алып, ооруканага жеткирилген.



