7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто арак ичип отурушуп агасын өлтүрүп алган иниси кармалды

629

Токмок шаарында адам өмүрүн кыйган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБке 14-сентябрь күнү Токмок шаарынын Нижне-Луговая көсөүндөгү үйдө 1961-жылы туулган Б.В. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөнү жөнүндө маалымат келген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган.

Анда маркумдун үйүндө бир тууган иниси 1964-жылы туулган Б.А. менен чогуу жашайт экени, окуя болгонго чейин үйдө чогуу арак ичишип, мастыктан уруш чыгып сабап, иниси агасын өлтүргөндүгү аныкталган.

Шектүү жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630