7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги көп балалуу Баатыр энелерге сыйлыктар тапшырылды

546

Борбор калаанын райондорунда Баатыр энелерге сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев 7 энени “Баатыр эне” ордени менен жана 5 энени “Эне даңкы” медалы менен сыйлап, алган мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана  үй-бүлөдөгү жыргалчылыкты каалады.

Сыйлыктарды район башчысы Максатбек Сазыкулов  Биринчи май муниципалдык администрациясынын жыйындар залында көп балалуу энелерге тапшырды.

Жалпысынын 26 эне сыйланып,  анын ичинен 14ү «Баатыр эне» ордени (7 жана андан көп бала), 12си «Эне даңкы» медалы (6 жана андан көп бала) менен сыйланган.

Белгилей кетсек, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 231 баатыр эне каттоодо турса, анын 156сы «Баатыр эне» ордени, 75и «Эне даңкы» медалдары менен сыйланган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2012-жылдан бери жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү “Энелер күнү” белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

547