7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто күйөөсүнүн акчасын жоготуп коюп, кол салуу уюштурган аял кармалды

1287

Токмокто жолдошу жиберген $5 миң коротуп салганы үчүн коркуп, өзүнө кол салуу уюштурган аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

2020-жылдын 29-декабрында 42 жаштагы Э.Г. аттуу аялдан арыз түшкөн. Анын айтымында, үйүнө бет кап кийген белгисиз эки киши кирип келип сабап, беш миң долларын алып кеткен.

Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда аял мындай сценарийди мурдагы жолдошу менен ишке ашырганы аныкталган. Тартип сакчылар 42 жаштагы Э.Г. менен 39 жаштагы С.О. деген шектүүлөрдү милициянын бөлүмүнө жеткиргенден кийин алар күнөөсүн мойнуна алышкан.

«Аял жолдошу чет өлкөдөн жиберген акчасын коротуп салгандыктан коркуп ушундай кадамга барганы белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары уланып жатат», — дешти милициядан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1288