Чүйдө карындашына кол салган кишини өлтүргөн деп кармалган киши абактан чыкты. Бул тууралуу юрист Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Чүй облустук сотунун өкүмү менен жабырлануучу тарап менен түзүлгөн келишимди эске алуу менен ага Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси боюнча бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл киргизилген. Ал сот залынан бошотулган.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон.