Апрель айында 1985-жылы туулган чет өлкөлүк жаран оор жүк ташуучу унаасын Эркечтам көзөмөл өткөрүү пунктунда токтотуп бара жаткан учурда, жүк ташуучу автоунаасынын айдоочусун сүзүп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган.
Жабырлануучу кырсык болгон жерде каза болгон. Окуя боюнча тергөө иштери башталып, алынган экспертизанын корутундуларына жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде кылмышка шектүү чет өлкөлүк жаран издөөгө жарыяланган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-берененин 2-бөлүмүнүн (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
16-октябрь күнү аткарылган оперативдик ыкчам иш-чаралардын негизинде 1976-жылы туулган Ж.Н., атту жаран кармалып, камакка алынганын Ош ОИИБден билдиришти.