Токмокто Көлбаевдин УКТ мүчөлөрүнө таандык курал-жарактар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жайдан 2 кесилген мылтык, 2 мина, 1 өзүн-өзү жардыруучу түзүлүш, 1 граната, тротил, 1 бет кап, 2 бычак, 3 жандыргыч жана ар кандай калибрдеги патрондор табылып алынган.
Алынган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, алардын мурда жасалган кылмыштарда колдонулган-колдонулбагандыгын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



