7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмоктогу мунайды кайра иштеткен завод суюлтулган газ өндүрө баштайт

105
Токмок шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводду кийинки жылдан баштап ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Ишкана 2018-жылы чийки зат туруктуу келбегендиктен жана анын кымбаттыгынан улам рентабелдүү болбой, ишин токтоткон.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда ишкана реконструкцияланып жатат. Ал аяктап өндүрүш жанданса, болжол менен 100 жаңы жумуш орду түзүлөт. Ошондой эле заводдо суюлтулган газ өндүрүү пландалууда.
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, завод токтоп калганга чейин жылына 450 миң тонна чийки мунайды кайра иштетүүгө кубаты бар болчу. Бул көрсөткүч көбөйтүлөбү же жокпу, такталган эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстан 2017-жылдан бери алгач ирет Кыргызстанга мунай жеткирүүнү кайра жандандырганы кабарланган.
106