7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмоктогу «Восток» кинотеатры мамлекеттин менчигине өттү

457

Токмок шаарындагы «Восток» кинотеатры мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул мүлктүн баасы 25 млн 322 миң сомду түзөөрүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

2004-жылы Түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгы инвестициялык конкурстан жеңип алган Н.М. аттуу жаран менен “Восток” кинотеатрынын имаратын 340 миң сомго сатуу жолу менен менчиктештирүү келишимин түзгөн.

2006-жылы Токмок шаарынын мэриясынын токтому менен аталган жаранга кошумча 3206 м2 жер тилкеси жеке менчикке — иштеп жаткан объектини реконструкциялоо үчүн бекитилип берилген. Ал эми менчик ээси инвестициялык келишимдин талаптарын бузуу менен алдын ала белгиленген бизнес-планга ылайык, инвестор тартпай, кинотеатрды өз максаты боюнча ишке киргизген эмес. Ал өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, кинотеатрдын имаратын сатып жиберген.

Бул факт боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Восток” кинотеатрынын имараты жер тилкеси менен биргеликте Токмок шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын балансына кайтарылды.

458