7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токон Мамытов: Тышкы саясатта Кыргызстан туура багытты аныктап алгандай

199

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдеринин доктору Токон Мамытов: Тышкы саясатта президент Садыр Жапаров туура багыт аныктап алды, акыркы 3-4 айдагы эле чет өлкөлүк сапарларын алсак, бул визиттердин баары – башка дипломатиялык маселелерди айтпаганда, өлкөгө тыштан инвестиция алып келүүнү көздөйт. Мисалга, Италия – дүйнөнүн эң өнүккөн 7 мамлекетине быйыл төрагалык кылат, Германия болсо – Европа экономикасынын локомотиви.

Мындан 40-50 жыл мурда Кыргызстандан өтө деле айырмаланбаган Түштүк Корея азыр – планетадагы эң өнүккөн мамлекеттердин бири, ошол эле учурда алардын элинин менталитети менен мүнөзү биздикине бир топ жакын. Түштүк Кореянын мисалы – эгер бийлик менен жалпы коом бир багытта аракеттенип, кабыл алынган мыйзамдарды коомдун баардык катмарындагылардын баары так аткарып, коррупцияны тыйып, жапа тырмак тынбай эмгектенсе – ким болбосун өнүгүп кете алаарын көрсөтөт…

200