7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын кыз-келиндер арасындагы мелдеши аяктады (ФОТО)

204

Бүгүн, 2-декабрда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн УКМКнын кыз-келиндер арасындагы мелдеши аяктады.

Бул турнир эки дисциплина: баскетбол жана 1000м эстафета боюнча өттү.

Мелдешке УКМКнын Борбордук аппаратынын, УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн, УКМКнын 9-кызматынын жана УКМКнын «Бөрү» Чек ара кызматынын тайпалары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Камчыбек Ташиев мелдештин жабылуу аземинде сөз сүйлөп, жеңүүчүлөрдү куттуктады. Төрага дене тарбия жана спорт ден соолукту чыңдоонун жана сактоонун эң маанилүү факторлорунун бири экенин белгилеп, УКМК кызматкерлерин мындан ары да дене тарбия даярдыгы менен активдүү алектенүүгө чакырды.

205