Бүгүн, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 690 млн куб метрди түздү. «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, суунун агып келиши секундасына 732 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 371 куб метрге жетүүдө.
2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.