7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды

569

Кыргызстанда бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйругу чыкты.

Ага ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү жөнүндөгү документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар билим берүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда төмөнкү мөөнөттөрдө өтөт:

  • 2022-жылдын 5-июлунда 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн саат 9.00дө;
  • 2022-жылдын 7-июлунда 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн саат 9.00дө.

Министрлик бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чараларды кечки жана түнкү мезгилдерде мектептин аймагында, оюн-зоок жайларда жана башка коомдук жайларда өткөрүүгө тыюу салат.

Ошондой эле жалпы билим берүү уюмунун аймагында окуучулардын укук бузууларын жана коопсуздук чараларын сактабаган, акча жыйноого жол берген мектеп директорлоруна, класс жетекчилерине жана мугалимдерге карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570