7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн мамкызматкерлердин кесиптик майрамы. Аларды президент Садыр Жапаров куттуктады

454

Бүгүн өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кесиптик майрамын белгилеп жатышат. Кесип ээлерин мамлекет башчысы Садыр Жапаров куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосун толук беребиз.

«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Мамлекеттик башкаруу тутумунда жана заманбап мамлекетти курууда, анын ишин жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин орду чоң.

Элибизге ыңгайлуу шарттарды түзүү, аларды социалдык жактан колдоо – мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү. Мына ошол саясатты жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Конституциянын үстөмдүгү, кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана демилгелүүлүк принциптеринин чегинде иш алып барат.

Азыркы замандын чакырыктарын жана талаптарын эске алуу менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө баарына бирдей шарттарды камсыз кылуу, кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү жана карьералык өсүү үчүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүн жөнгө салуучу бир катар жаңы ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Мындай иш-аракеттер аркылуу Кыргызстандын элине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жетишебиз деп үмүт артып турабыз.

Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадрларды кызматка тандоону талапкерлердин кесипкөйлүк жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде гана жүргүзүү чоң мааниге ээ.

Ошону менен бирге, жаңы технологияларды өнүктүрүү шартында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жаңы деңгээлге чыгарууда ар дайым адистердин билимин өркүндөтүп туруу, тажрыйбасын арттыруу жаатында кадам жасообуз талап кылынарын белгилей кетүү маанилүү.

Элдин бийликке ишенимин бекемдөө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнөн, кынтыксыз ишинен, ошондой эле адамдык сапаттарынан көз каранды экенин жакшы билесиздер. Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын этикасын сактоо менен кызматтык ыйгарым укуктарыңарды ак ниет аткарасыздар деп ишенем.

Сиздердин Мекенге болгон сүйүүңүздөрдүн жана ак кызматыңыздардын аркасында алдыбызда турган бардык максаттарга бирге жетебиз!

Эл кызматын аркалаган ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм, карапайым калктын бата-тилектерине арзып жүрө бериңиздер.

Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүп-өсүү болсун!».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

455