Токтогул ГЭСинен “Датка” көмөк чордонуна келген жогорку чыңалуудагы электр линиясы кар көчкүдөн жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2021-жылдын 25-февраль күнү Шайдан айыл аймагындагы Алаш жайлоосуна баруучу жолдун “Даван тилкесинде” түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен, Токтогул ГЭСинен “Датка” көмөк чордонуна келген Л-554-жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн №120 “фаза А” электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Учурда электр энергиясы башка линия аркылуу камсыздалууда.
«Жерине Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынан (ПВЭС) 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 УАЗ, 1 УРАЛ, 1 К-700(тралл тягач) тартылган.
КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн-Жарандык коргонуунун башчысынын 2021-жылдын 2-мартындагы №39-б буйругунун негизинде Жалал-Абад облусунун аймагына Өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 2-март күнү тартылган техникалардын жардамында жолдун болжол менен 6-7 чакырым аралыгынын 2 чакырымы тазаланган. Бүгүн дагы жол тазалоо иштери уланууда», — деп берилет маалыматта.