7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кармалды

712

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборундагы коррупциялык схеманын бети ачылып, анын натыйжасында мамлекетке 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени ачыкталды.

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы Ж.А. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке пайда көрүү максатында подрядчы тарабынан келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткарбаган иш актыларына кол койгон.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башка адамдарга же башка жеке кызыкчылыктарга пайда алып келүү максатында) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган шектүү УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713