7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул шаарынын мэри жана анын уулу кармалды

518

Токтогул шаарынын мэри кен байлыктарды басып алууну, аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганы жана уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул шаарынын мэри Т.Э.А. тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды.

2022-жылы ал жогоруда аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Ээси тараптан баш тартууну алган мэр белгисиз адамдарды тарткан, анын ичинде И.Б.А. аттуу “Дөө Чынгыз” каймана аты бар Ч.Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогулдун “байкоочусу” болом деп өзүн тааныштырган жаран да болгон. Андан соң жогоруда аталган адамдар физикалык күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуу жолу менен жеке ишкерди аларга ишкананын 50% үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, мэрдин уулунун атына каттатып коюшкан.

Андан кийин аталган жерде кварцты мыйзамсыз казып сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган. Ошону менен бирге өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

519