7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда 100 миң сомго «гашиш» баӊгизатын сатып жаткан жеринен эки жаран кармалды

728

Жалал-Абадда баңгизат сатып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБна Токтогул районунун тургуну баңгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө К. аттуу жаран 70 грамм гашиш баңгизаты сатып алынган. Ошол эле жаран экинчи күнү 110 грамм гашиш баңгизатын экинчи ирет саткан.

Шектүүлөр Токтогул районунун Бишкек-Ош жолунда жайгашкан май куйуучу жайынын жанында 2001-жылы туулган А. уулу К. менен 1990-жылы туулган Ж.С. 100 000 (жүз миң) сомго 5 килограм 360 грамм гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалышкан.

Соттук химиялык экспертизасынын корутундусу ылайык баңгизаттардын салмагы 5 кг 540 гр болгон “гашиш” баӊгизаты экендиги аныкталган.

Шектүүлөр кылмыштарын толугу менен мойнуна алышып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

729