7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

212

Токтогул районунда Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык салынып жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө,

Бүгүнкү күндө бетон даярдоо, колонналардын алдындагы пайдубалды куюу иштери толук бүтүп, ички бөлүгүн толтуруу жана ар бир катмарды тыгыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле имараттын жертөлө бөлүгүндөгү тирөөч дубалга арматуралоо иштери аткарылууда. Курулуш иштери 2025-жылдын ноябрь айынын аягында башталган.

Долбоорго ылайык, 750 орунга ылайыкталган мектеп 3 кабаттан турат. Окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап бардык шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 8 625,0 чарчы метр.

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Мектептин долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.

213