7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында QR-код менен 300 млн 266 миң 484 сом чогулду

316

“Сосновка» жана «Кара-Көл» көзөмөл-өткөрүү пункттарында QR-код менен накталай эмес түрдө төлөм системасы аркылуу 2025-жылы жалпы 300 млн 266 миң 484 сом жыйым чогулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,48 пайызга көп.

Буга чейин калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында көзөмөл-өткөрүү пункттарын накталай эмес төлөмгө өткөрүү тапшырмасы коюлган. Натыйжада, айдоочулар үчүн накталай төлөм жүргүзүү токтотулган.

Учурда жарандар заманбап жана ыңгайлуу болгон QR-код аркылуу терминалдар аркылуу же электрондук капчыктар аркылуу төлөм жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, «Сосновка» жана «Кара-Көл» контролдоо пунктарында транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу максатында жол тилкелери кеңейтилди.

317