7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда капитан мал уурулукка шектелип кармалды

499

Токтогулда мал уурулук менен алектенген капитан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ билдирет.

25-апрелден 3-майга чейинки аралыкта Токтогул районунун аймагында беш факты мал уурулук учурлары орун алган. Мал уурулук беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө жалпысынан 5 баш уй, 1 баш жылкы уурдалып, жабырлануучуларга 300 000 (үч жүз ) миӊ сомдук материалдык чыгым келтирилгендиги такталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Токтогул районунун Өзгөрүш айылынан өзүн “Бишкек шаарынын 1-Май райондук милициясында иштейм” деп элдердин ишеничине кирип, милициянын формасын кийип жана ок атуучу куралы менен жүргөн жеринен шектүү катары Токтогул районунун 1994-жылкы тургуну А.У. кармалып тергөө кызматына камсыздалды.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Токтогул райондук соту тарабынан каралып, 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган. Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда.

 

500