7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты

378

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында регионду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине арналган жумушчу кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысына таза суу менен камсыздоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу жана реконструкциялоо, көп батирлүү ипотекалык үйлөрдү тургузуу, ошондой эле өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди. 

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, бул долбоорлор жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруу үчүн стратегиялык мааниге ээ. 

Муну менен катар мамлекет башчысы Кара-Суу районундагы “Туратали” базарын мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча аткарылган иштер тууралуу да маалымат алды.

Садыр Жапаров бардык жооптуу түзүмдөрдүн ишин күчөтүүнү тапшырып, региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугу – жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун башкы критерийи экенин эске салды. 

Садыр Жапаров тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, Президенттин Администрациясына отчеттук маалыматтарды үзгүлтүксүз берип туруу зарылдыгын билдирди.

379