7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда мектептер арасында «Билге» аталышындагы билим таймашы өттү

1767

Токтогул районунда мектептер арасында тарых сабагынан «Билге» аталышындагы билим таймашы өттү.

Уюштуруучу Чыңгызхан Арстанбек уулунун 7-каналдын сайтына берген маалыматында сынак эки тур менен өткөн. Биринчи турунда Кыргызстан тарыхынан суроолор камтылса, 2-тур аймак таануу (Кетмен-Дөбө өрөөнүнөн чыккан белгилүү атуулдар, ошондой эле жер-суу аттарынын аталышы) багытындагы суроолор берилди.

“Серепчилер И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинен келген студенттер болушту. Жеңишке жеткен алдыңкы топтун өкүлдөрү тарых факультетине 20%дык арзандатылган контрактык сертификаттын ээси болушту. Андан сырткары, Үч-Терек айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары алып берген баалуу китептердин ээси боло алышты. Бул сынакты мындан ары эстафета катары мектептер арасында өткөрүп турууну пландап жатабыз” – дейт жаш тарыхчы Чыңгызхан Арстанбек уулу.

Кошумчалай кетсек, бул таймаш эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган. Демилгечилер Мухтар Нургазиев мектебинин тарых мугалими Күлчороев Улукбек ошондой эле Убалдакан Артыкбаев атындагы мектептин тарых мугалими Арстанбек уулу Чыңгызхан. Жаш тарыхчылардын айтымында сынак жогорку деңгээлде өтүп, көздөлгөн максатына жетти дешет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1768