7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Үч балбандын кимиси күчтүү?». Өлкөдө мыкты спортчуларды тандоо старт алды

1418

Кыргызстанда мыкты спортчулар менен спорт ишмерлерин аныктаган «SportsAwards — 2021» сынагынын номинанттары бекитилип, добуш берүүгө коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлик кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара быйыл 7-ирет өткөрүлөт. Сыйлык тапшыруу аземи 1-декабрда Улуттук филармонияда болот. Иш-чара быйыл жетинчи жолу өтүүдө. Быйылкы саамалык министрликтин алдындагы Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жана Улуттук олимпиада комитети менен өнөктөштүктө уюштурулуп жатканы белгиленет.

«Жеңүүчүлөр жалпы элдик добуш берүүнүн жана эксперттик комиссиянын баалоосунун негизинде аныкталат. Добуш берүүдө талапкерлерди тандоо topsport.kg сайтында жана анын социалдык тармактагы расмий баракчаларында өткөрүлөт», — деп жазылган маалыматта.

«Улуттук спорттун түрү боюнча мыкты спортчу» наамына талапкерлер:

Азизхан Мусабек уулу — кыргыз күрөш;
Ынтымак Мурадил уулу — салбуурун;
Нурсултан Майрамбек уулу — ордо.

Мыкты машыктыруучу:

Турат Тойчубеков — кыргыз күрөш;
Нурлан Молдакунов — салбуурун;
Жаныбек Айталиев — ордо.

Олимпиадалык спорт боюнча мыкты спортчу мырза:

Владимир Золоев — дзюдо;
Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү;
Алибек Осмонов — эркин күрөш;

«Мыкты спортчу айым» наамына үч балбан кыз талапкер:

Мээрим Жуманазарова;
Айпери Медет кызы;
Айсулуу Тыныбекова.

Мыкты машыктыруучу:

Нурбек Изабеков — кыз-келиндер күрөшү;
Руслан Маджинов — эркин күрөш;
Азат Эркимбаев — грек-рим күрөшү.

Олимпиадалык эмес спорт боюнча мыкты спортчу мырза:

Азат Аманбеков — самбо;
Икбол Фозилжонов — кикбоксинг;
Бейбарс Анарбаев — бел боо күрөшү.

Мыкты спортчу айым:

Айжан Анарбекова — бел боо күрөшү;
Айсалкын Жаныбекова — кармашып мушташуу;
Самара Абдумалик кызы — самбо.

Мыкты машыктыруучу:

Александр Воинов — кикбоксинг;
Азамат Казакбаев — самбо;
Нурбек Кожобеков — бел боо күрөшү.

«Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында мыкты спортчу» наамына талапкерлер:

Арстанбек Базаркулов — жеңил атлетика;
Дастан Камчыбеков — сууда сүзүү;
Нурбек Тойчубаев — триатлон.
Жыл жаңырыгы:

Эрназар Акматалиев — эркин күрөш;
Нурсултан Куштарбек уулу — грэпплинг;
Нурманбет Раймалы уулу — бел боо күрөшү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1419