Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-27-ноябрь күндөрү түнкүсүн аба ырайы бузулуп, Кыргызстандын бир катар аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт. 26-27-ноябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9; күндүз -3…+2 градуска чейин болот. Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градуска түшөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6 градус болот. 27-28-ноябрда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн термометр -8…-13, күндүз -1…-6 градусту көрсөтөт.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 градуска чейин түшө турганы айтылды.
Синоптиктер зымдарга жана бактарга суу кар жабышары күтүлөрүн билдирди.