7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда ысырапкерчиликти алдын алуу иштери жүргүзүлдү

585

Токтогул районунда ысырапкерчиликтин, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирдит.

Маалыматка ылайык, ага Токтогул РИИБдин кызматкерлери, райондун прокурору, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондун имамы, мектеп мугалимдери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө президент тарабынан ысырапкерчиликке каршы чыгарылган жарлыктын негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда жарандар бири-бирине атаандашып курулай бедел күтпөй, материалдык чыгымдарды азайтуу зарылдыгы айтылды. Жыйындын катышуучулары тарабынан бул жарлыктын аткарылышына көпчүлүк каршы эмес экендиктерин белгилешти.

Мындан сырткары район аймагында жол кырсыктарына байланыштуу көрүлүп жаткан чараларга кайдыгер карабай, жол эрежелерин так сактоо керектиги эскертилди. Милиция кызматкерлери ата-энелерди жаш өспүрүмдөрдү тынымсыз көзөмөлдөөгө, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда тыгыз кызматташууга чакырышты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586