7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсү киргизилген долбоор үчүн жооп берет

585

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 14 маселе каралды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, салык карыздарын өндүрүү тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилди.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, ушул жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген.

Белгилей кетсек, бир катар ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлгөн

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун даярдалышын сынга алып, бардык долбоорлор тыкыр укуктук жана экономикалык экспертизадан өтүшү керектигин белгиледи.

«Толук иштелип чыкпаган, чийки чечим долбоорлорун киргизүүгө жол берилбейт. Министрлер Кабинетинин ар бир мүчөсү киргизилген долбоор үчүн жооп берет. Бул эсиңиздерде болсун. Чечимдин долбоору деталдуу жана такталган эсептөөлөр менен бекемделүүгө тийиш, бул өзгөчө билим берүү мекемелеринин курулушуна тийиштүү», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586