Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 216-чакырымында 2 Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп (С.Т. аттуу 45 жаштагы эркек киши, У.А. аттуу 49 жаштагы аял киши), 7 адам ар түрдүү жаракат алышкан.
Жерине 4 куткаруучу тартылган. Жаракат алгандар куткаруучулар жеткенге чейин жолдо бараткан жүргүнчүлөрдүн унаасы менен Токтогул райондук ооруканага жеткирилген.