7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артём Новиков реп айтуудан баш тартып, ырчыны поэзияга чакырды

508

«Gokilla» каймана аты менен таанылган кыргыз рэпери Артур Исмаилов YouTube каналдардын бирине берген маегинде, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковду рэп-баттлга чакырды.

«Новиков, мен сизди Бишкекте рэп-баттлга чакырам. Эки куплеттен турган 16 сап. Колуңуздан эмне келерин көрсөтүңүз. Саясат жөнүндө сүйлөшөлү. Сизди күтүп жатабыз», — деген рэпер.

Көп убакыт өтпөй биринчи вице-премьер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. Анда Новиков рэпер менен поэзия жөнүндө маектешүүгө чакырган.

«Урматтуу MC Gokilla! Сени рэп баттлга кабыл алууга шарт болбой жатат, пандемияны жеңгенден кийин сени менен поэзия жөнүндө маектешебиз. Сен айткан рэптин башаты “Манас” эпосунан башталат. Андыктан сага ушул китеп белек болсун. Урматым менен Артём Новиков», — деп жазды ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

509